Жаңылыктар
Индиянын Калькутта шаарындагы өрттөн жети адам каза болду
Дүйнө
Индиянын Калькутта шаарындагы өрттөн жети адам каза болду

Индиянын Калькутта шаарында имараттын 13чү кабаты өрттөнүп, андан жети адам каза болду. Маалыматка ылайык, каза болгон жарандардын арасынан төртөө өрт өчүрүү жана полиция кызматкерлери болгон. 

Калгандары темир жол бирикмесинин кызматкерлери. Беш адамдын жансыз денеси лифттен табылган. Полиция кызматынын комиссарынын айтымында, дагы эки адам дайынсыз болууда. Өрт кырсыгы лифтти колдонуу учурунда чыккан. Учурда издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.