Жаңылыктар
Эстонияда 11-марттан тарта бир айга катаал карантин чаралары киргизилет
Дүйнө
Эстонияда 11-марттан тарта бир айга катаал карантин чаралары киргизилет

Эстонияда коронавирус инфекциясынын британиялык штаммы тарап жаткандыгына байланыштуу 11-марттан тарта бир айга катаал карантин чаралары киргизилет. 

Эстон премьери Кая Калластын белгилешинче өлкөдө азык-түлүк саткан дүкөндөрдөн башкасы, спорт залдар менен кафе-ресторандар жабылат. Ал эми жарандар көчөдө аралыкты сактап жүрүүсү керек болот. Мектептер менен университеттер дистанциялык негизде окутулат.

Эстонияда COVID-19га каршы эмдөө иштери 27-декабрда башталган. Өлкөдө Pfizer/BioNtech, Moderna жана AstraZeneca вакциналары колдонулуп жатат. Белгилей кетсек, Эстонияда COVID-19га 76 миңден ашуун адам кабылып, 667 бейтап каза болгон.