Жаңылыктар
Тышкы иштер министри А.Атамбаевге Түркиядагы абал тууралуу маалымат берди
Кыргызстан жаңылыктары
Тышкы иштер министри А.Атамбаевге Түркиядагы абал тууралуу маалымат берди

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчысына Түркиядагы айрым күчтөрдүн аскердик төңкөрүш жасоого аракеттеринен улам пайда болгон абал тууралуу маалымат берилди. 

Тышкы иштер министри Түркияда убактылуу же туруктуу жашап жаткан биздин жарандардын коопсуздугу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жана Анкарадагы Кыргызстандын элчилигинде жана Стамбулдагы башкы консулдукта атайын байланыш телефондору ачылгандыгын кабарлады.

Кыргызстандын Президенти Тышкы иштер министрине ал жактагы абалды көзөмөлдөөнү улантып, убагында мамлекет башчысына маалымат берүүсүн тапшырды. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан боордош Түркия Республикасынын мыйзамдуу шайланган бийлик органдарын колдой тургандыгын билдирди. Бийлик элге таандык. Кыргызстан демократиялуу жол менен эркин шайлоолор аркылуу шайланган өлкө жетекчисин бийликтен кулатуу үчүн аскердик күчтү пайдалануу орунсуз деп эсептейт. 

“Түркия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү, ал эми биздин мамлекеттин элдерин тарыхый боордоштук байланыштырып турат. Биз түрк элинин конституциялык түзүмгө, адамдардын укугун жана эркиндигин сактоогокооптуулук жараткан ар кыл кол салууларга туруштук бере алчу акылмандуулугуна ишенебиз. Кыргызстан эли Түркиянын мыйзамдуу бийлигин колдоорун билдирет жана Түрк Республикасында тынчтыкты, мыйзамдуулукту, тартипти тезирээк орнотууга чакырат»,— деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118