Жаңылыктар
Талаадагы коопсуздук
Кыргызстан жаңылыктары
Талаадагы коопсуздук

Учурда өлкө боюнча түшүм жыйноо иштери кызуу жүрүп жатат. Ал эми өрткө каршы кызматтары талааларда өрттүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Адистер белгилегендей, күндүн аптаптуу ысыгында кургап турган эгиндер кичинекей чоктон эле чоң жалынга айланып, бир топ залал келтириши мүмкүн. Маселен, чылымдын чогунан канчалаган гектАр жерлер күйүп кетип, эгинсиз калган үй бүлөлөрдүн кайгысы боюнча фактылар катталган. 

Маселенин алдын алуу максатында Чүй облсунун Москва районундагы жыйналып жаткан түшүм бар жерлерде атайын суусу менен өрт өчүрүүчү унаалар коюлду.