Жаңылыктар
Ангела Меркелдин Кыргызстандагы сапары
Саясат
Ангела Меркелдин Кыргызстандагы сапары

Бул аптадагы орчундуу окуялардын катарын Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кеткени болду. Анда канцлер президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, саясаттан тарта маданиятка чейинки маселелер талкууланды. Меркель айым Кыргызстанды ар тараптуу колдой турганын айтса, президент Алмазбек Атамбаев жолугушуунун натыйжасы жемиштүү болгонун билдирди.

Эки тараптуу кызматташтыктын негизги этабы болуп президент Алмазбек Атамбаевдин буга чейин 2012 жана 2015-жылы Берлинге жасаган эки расмий иш-сапары болуп эсептелет. Мындан сырткары эки өлкөнүн жетекчилери эл аралык саммиттерде же форумдарда да кездешип жүрүшөт. Андыктан тараптардын ортосундагы жылуу мамиле жана бекем кызматташтык алакасы буга чейин эле түзүлгөн.



Андан ары жыйын жабык эшик артында өтүп, эки тараптуу жолугушуудан соң Алмазбек Атамбаев менен Ангела Меркель сүйлөшүүлөрдүн жыйнытыгы боюнча журналисттердин суроолоруна жооп беришти. Биринчи эле кызыктарган суроо Кыргызстан мындан ары жалпы Евробиримдик менен алака түзөбү?
Эки тараптуу кызматташтык активдешип жатканы менен азырынча экономика жаатында жетишерлик ийгиликтер жок. Бул абалды жакын арада жөнгө салынат. 30-сентябрда Бишкекте немис экономикасынын күндөрү өтөт, өкмөт бул иш-чарага дыкат даярданышы керек деди президент.

Маалымат жыйында аймактагы коопсуздук, диний радикализм жана терроризм тууралуу сөз болду. Журналисттер президент Алмазбек Атамбаевден кечээ Бишкектин көчөлөрүнө илинген “Кайран элим, кайда баратабыз” деген жарнактар тууралуу пикирин сурашты.

Алмазбек Атамбаев Германия канцлери менен бардык маселелер боюнча - саясаттан тартып социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактар боюнча орток пикир табылганын билдирди.
Ангела Меркель болсо өзүнүн Твиттер баракчасына иш-сапары тууралуу кыска маалымдама жайгаштырылды. Бул сүрөттү анын жеке сүрөтчүлөрү тарткан, канцлердин баракчасы интернетте көптөрдүн көңүлүн бурду.

 Ал эми канцлердин маалымат кызматы Меркелдин келишине арналган Ала-Арчанын фонундагы жарнакты Инстаграмга чыгарды. Маалыматта “Тянь-Шань” тоолорундагы Ала-Арча сейил багы канцлер Ангела Меркелдин иш-сапарына даяр” деп жазылган.
Кооз жерлерди аралап, Ала-Арчанын ичинде президент менен канцлер да сейилдешти. Түштөн кийин күн бүркөлүп жаан себелеп баштаган. Бирок ал дагы көп өтпөй токтоп, андан кийин аба-ырайы ойдогудай болуп турду. Сейил учурунда Ангела Меркель Кыргызстандын ажайып жаратылышына суктанганын айтып, тамшанып жатты.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118