Жаңылыктар
Кыргызстан менен Түркия товар алмашуунун көлөмүн 1 млрд долларга жеткирүүгө кызыкдар
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Түркия товар алмашуунун көлөмүн 1 млрд долларга жеткирүүгө кызыкдар

Кыргызстан менен Түркия товар алмашуунун көлөмүн 1 млрд долларга жеткирүүгө кызыкдар. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев өлкөгө расмий сапары менен келген Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолукканда билдирди.

 Тараптар алгач тар чөйрөдө, кийин кеңири курамда жолугуп, аягында билим берүү тармагындагы алаканы мындан ары да күчөтүү багытында кыргыз-түрк Манас университетине барып жамааттын суроолоруна жооп берди.