Жаңылыктар
Коомдун талкуусундагы диний жарнак
Кыргызстан жаңылыктары
Коомдун талкуусундагы диний жарнак

Ал ортодо социалдык тармактарда “Кайран элим кайда баратабыз?” - деген темада илинген көчөдөгү көрнөктөр кызуу талкуу жаратууда. Улуттук кийимдер менен кара паранжа жамынган аял затынын сүрөтүнүн көчөдө илинишине айрымдар каршылыгын билдирсе, бул демилге менен макул болгондор да бар. 

Мындай жарнактар узап бараткан жумада борбор калаанын бир нече көчөлөрүндө илинип, алдына “Кыргыз элим, кайда баратабыз?” деп жазылган. Социалдык тармактарда бул көрүнуш дароо кызуу талкууларга жем таштады. Бир тарабы мындай маанидеги көрнөктөрдүн илинишине каршы пикирлерди айтышса, дагы бир тобу улуттук каада-салттарды сактоо үчүн бул өңдүү жарнамалар зарыл дешет. Интернетте буга байланышкан башка сүрөттөр да пайда болду. Фотошоптун жардамы менен паранжа кийген кыз-келиндердин сүрөтүн алып, ордуна жарым жылаңач кыздарды коюп, “илгери кыргыздар ушундай кийингенби”, “мындай көрүнүштөргө эмне үчүн көңүл бурулбайт” деген суроолор жаралды. 

Айрым серепчилер борбор калаанын көчөлөрүнө илинген көрнөк-жарнактарда эч кандай терс аракеттер жок деген пикирлерин айтышат. Жарандардын талкуусу жат эмес көрүнүш, коомдук пикир талаш-тартыш, талкуу аркылуу жараларын белгилешет.

Социалдык тармактардагы талкуу хиджабдын өзү тууралуу эмес, андагы бетин чүмкөгөн, баштан-аяк кара кийинген кыз-келиндердин сүрөтү боюнча жүрүүдө. Адистер кара кийим негизи эле кыргыз элинде терс кабыл алынарын белгилешет. Анткени кыргыздын кыз-келиндери караны илгертеден эле күйөсү каза болгондо аза күтүү маалында кийишкен. Ал эми сүннөт кийүүдө кара түс милдеттүү түрдө эмес, ачык өңдөгү кийимдерди тандаса деле жакшы болорун айтышат.

Эксперттер, көпчүлүк ишенимдеги адамдар башка улуттун кийимдерин кийип жүргөнүн психологиялык фактор менен түшүндүрүшөт. Исламда аял киши толук кара кийинсин деген талап дагы жок экенин, бардык түстөргө уруксат берилгенин да ырасташат. Негизи эле улуттук баалуулуктарды артка таштап, Исламдын негизги талаптарынан дагы аша чаап - таптакыр эле радикализацияга бет алып кетүү жакшылыкка алып барбасы анык.