Жаңылыктар
Чемпиондор лигасы: “Барселона” чейрек финалга өтпөй калды
Спорт
Чемпиондор лигасы: “Барселона” чейрек финалга өтпөй калды

Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын 1/8 финалынын жооптук беттешинде "Барселона" менен "ПСЖ" командалары жолукту.

Буга чейинки оюнда 4:1 эсебинде франциялык команда жеңишти илип кеткен эле. Ал эми жооптук беттеш 1:1 эсебинде аяктады. Оюнда эки команданын башкы жылдыздары Лионель Месси менен Килман Мбаппе бирден гол киргизди.

Эки оюндун жыйынтыгы менен жалпы эсеп 5:2 болуп, “ПСЖ” чейрек финалга жолдомо алды.

Ошондой эле Чемпиондор лигасынын 1/8 финалынын жооптук беттешинде "Ливерпуль" менен "Лейпциг" командалары да беттешип, жалпы 4:0 эсебине англиялык клуб кийинки баскычка өттү.