Жаңылыктар
"BRAVE CF 47" турниринде үч кыргыз мушкери беттеш өткөрөт. Мелдешти КТРК Спорт каналы түз эфирден көрсөтөт
Спорт
"BRAVE CF 47"  турниринде үч кыргыз мушкери беттеш өткөрөт. Мелдешти КТРК Спорт каналы түз эфирден көрсөтөт

Бүгүн, 11-март "BRAVE CF 47" турниринин алкагында үч кыргызстандык мушкер беттеш өткөрөт. Турнирди КТРК Спорт каналынан саат 19:00дө түз эфир аркылуу көрсөңүз болот.

Кеченин башкы беттешинде Кубаныч Абдисалам уулу филиппиндик Роландо Дай менен жолугат.

Ошондой эле мелдеште кыргызстандык мушкер Рыскулбек Ибраимов Женел Лаусага каршы чыкса, Немат Абдрашитов Анзор Абдулходжаев менен беттешет.