Жаңылыктар
Түркия: Осмон империясынан бери аскер төңкөрүштөрү болуп келет
Дүйнө
Түркия: Осмон империясынан бери аскер төңкөрүштөрү болуп келет

Жума күнү Түркиянын жетекчилиги аскерий төңкөрүш  жасоого аракеттер болгонун жарыялады. 

Президент Режеп Тайип Эрдоган өтө чоң эмес топтон түзүлгөн козголоңчулар өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери экенин  айтып, жарандардын бардыгын сыртка чыгууга үндөдү. 

Өлкөнүн өкмөт башчысы Бинали Йылдырым төңкөрүштү теракт деп атоо менен өкмөт өз ишин улантып жатканын  билдирди.

Он бешинен он алтысына караган түнү аскердик топ бир нече саатка Анкара жана Стамбулду көзөмөлгө алып турушкан. Алтургай төңкөрүш ишке ашкандай  көрүнгөн. Бирок абал түп тамырынан өзгөрдү.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118