Жаңылыктар
Улут баскан улуу жол
Маданият
Улут баскан улуу жол

Тарых жана маданият жылына карата Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында “Улут баскан улуу жол” - аталышында түнкү этнофестиваль өттү. Түнкү этнофестивалдын жүрүшүндө кыргыз элинин каада-салттары, кийим-кечелери, ошондой эле элдердин достугун даңазалаган оюн-зооктор көрсөтүлдү. Аны менен Ысык-Көл облусундагы район-шаарлардын чыгармачыл жамааттары өз өнөрлөрүн тартуулашты. 

Мындан соң китептер көргөзмөсү жүрүп, даректүү фильмдер дагы коюлду. Ошондой эле Үркүндүн жүз жылдыгына карата дагы көркөм сүрөттөр көргөзмөсү уюштурулган. “Улут баскан улуу жол” деген ураандын астында өткөн маданий иш-чара өнөрпоздордун концерти менен коштолду.