Жаңылыктар
Дүйнөдөгү эң кооптуу 10 шаар
Дүйнө
Дүйнөдөгү эң кооптуу 10 шаар

Саякаттоону жактырбагандар аз болсо керек. Көпчүлүк адамдар дүйнө кыдырып, алыскы өлкөлөрдү көргүсү келет. Дүйнөнүн башка бурчундагы мамлекеттер, шаарлар жөнүндө китеп окушат же тасмаларды көрүшөт. Биздин планета изилдөө үчүн чексиз жерлерге, жаңы ачылыштарга бай. Бирок жер жүзүндө абдан кооптуу шаарлар дагы кездешет, ал жакка саякаттоодон баш тарткан жакшы. А бирок барууга мажбур болуп калсаңыз, алдын ала маалымат алып алган эң туура. “Сактыкта кордук жок” деген сөз бекеринен эмес.

Келиңиз, дүйнөдөгү эң кооптуу 10 шаар жөнүндө сүйлөшөлү. Мындай шаарлардын тизмесин түзүү оңойго турбайт, анткени дүйнөдөгү кырдаал жыл сайын эле эмес, күн сайын өзгөрүп турат: аскердик чыр-чатактар, табигый кырсыктар, техногендик кырсыктар бул тизмени дайыма өзгөртө алат. Ошентсе дагы, статистикага таянып аракет кылалы.

1. Сан-Педро Сула, Гондурас

Сан-Педро көп учурда дүйнөдөгү эң кооптуу шаарлардын катарына кирет. Бул жерде кылмыштуулуктун эң жогорку көрсөткүчү - 100000 кишиге 169 зордук-зомбулук, өлүм туура келет. Бул өлкөдөгү экинчи чоң шаар. Жергиликтүү мыйзамдар жашоочуларга ар бир адамга 5тен ашуун ок атуучу куралга ээ болууга мүмкүнчүлүк берет, адам өлтүрүүлөрдүн 80% дан ашыгы алардын жардамы менен жасалат. Бул Америка Кошмо Штаттарына караганда көп.2. Каракас, Венесуэла

Каракас - Венесуэланын борбору жана ири шаары. Бул Түштүк Американын эң коркунучтуу шаарларынын бири, башка борбор шаарлардан айырмаланып, анча кооз эмес кызыксыз шаар.

Шаар ичинде коопсуз жерлер өтө эле аз. Тоноп же өлтүрүп салуу шаардын борборунда, сейил бакта, метродо деле катталат. Мотоциклисттер - "моторисадо" же "чоро" өзгөчө коркунучтуу. Эң жакшысы алар сенден бир нерсени уурдап же тартып алышы мүмкүн, эң жаманы сени атып салышат. Туристтер аэропорттон чыкканда же мейманканага киргенде эле дароо өлтүрүлгөн деген далилдер бар.

3. Тихуана, Мексика

Тихуана биздин анти-рейтингдин "дүйнөдөгү эң кооптуу шаарлардын" тизмесиндеги биринчи орундар менен оңой атаандашышы мүмкүн. Америка Кошмо Штаттары менен чектеш жерде жайгашкан, киши өлтүрүүлөр калктын санына карата эң коркунучтуу көрсөткүчтө.4. Питермарицбург, Түштүк Африка

Бул шаарга белгилүү адам укугун коргоочу Махатма Ганди жаш кезинде барган. Ошол себептен шаардын борборунда анын эстелиги орнотулган. Бирок шаар кадам сайын адам укугу бузулган жай болуп калды. Көчөдөгү балдар чыныгы кырсык болууда. Коопсуздук индекси күндүзү 25, ал эми түнкүсүн 8,5 (100 масштабында) түзөт - бул Түштүк Африкадагы эң кооптуу шаар.5. Йоханнесбург, Түштүк Африка

Йоханнесбургдун жакыр аймактары, ошондой эле Кейптаун, Претория жана Дурбан (бардыгы Түштүк Африка Республикасында) дүйнөдөгү кылмыштуулук көп катталган аймактар деп эсептелет. Бул жерде оор кылмыштар көп кездешет: адам өлтүрүү, тоноо, зордуктоо. 2017-жылдан бери Түштүк Африка 90 күнгө визасыз бара турган өлкө болуп калды. Ал жакка баруу зарылбы же жокпу, албетте, өзүңүз чечесиз.

Баса, Интернеттен саякатчылардын сын-пикирлерин көп кездештирүүгө болот, анда Түштүк Африкадагы кылмыштуулук жөнүндө ушактар өтө эле аша чапкан деп айтылат.6. Порт-Морсби, Папуа-Жаңы Гвинея

Жергиликтүү тургундар шаарларын Нюджини деп аташат. Бул адам жегич уруулардын урпактарынын борбору. Жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган бардык шаарлардагыдай эле, бул жерде дагы кылмыштуулуктун деңгээли жогору. Азыр деле тамак үчүн  адамды өлтүрүп салуу толук мүмкүн дешет.

7. Сьюдад Хуарес, Мексика

Шаар дүйнөдөгү эң кооптуу шаарлардын тизмесинде алдыңкы саптарды бир нече жолу ээлеп келген. Жада калса 72 саат ичинде адам өлтүрүү боюнча "рекорд" койгон. Сьюдад Хуарес америкалык Эл Пасо менен чектеш. Жумушсуздуктун жана жакырчылыктын шартында көптөгөн шаар тургундары мыйзамсыз иштерге барышат, көчө бандаларына кошулуп, баңги картелдеринде иштешет. Айрымдар аны "Дүйнөнүн канкор борбору" деп аташат. Шаар - баңги аткезчилери бийликте турган жер.8. Форталеза, Бразилия

Форталеза жаман ат менен таанылды, аны көбүнчө кесиптик уурулардын шаары деп аташат. Форталезада киши өлтүрүү деңгээли өтө жогору. Бразилиядагы эң ири шаарлардын бири болуп, пляждары жана кооз архитектурасы бар мегаполис экендигине карабастан, элдер аны таштап кетүүгө кызыкдар. Коррупциянын, куралдуу каракчылыктын жана баңги заттарды сатуунун индекси 90% дан ашты. Көчөгө чыгып, ар дайым изденүү менен жүрүшүңүз керек. Кун үчүн ала качуу фактылары да көп катталат.9. Сан-Паулу, Бразилия

Сан-Паулу аткезчилик, пираттык жана контрафакттык товарлардын соода борбору катары белгилүү. Шаардагы кылмыштуулук жана зомбулук индекси 72,41. Сан-Паулу өлкөнүн түштүк-чыгышында жайгашкан өлкөдөгү ири мегаполис гана эмес, киреше жагынан штаттын эң бай шаары. Жергиликтүүлөрдүн ортосундагы теңсиздиктен улам, жашоочулардын көпчүлүгү зордук-зомбулук жана кылмыштуулук гүлдөп турган жакыр жерлерде (фаелаларда) тыгылып жашашат.10. Лос-Кабос, Мексика

Лос-Кабос Мексиканын түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Мексиканын бул курорттук зонасы өлкөдөгү эң популярдуу туристтик жайлардын бири. Мисалы, 2017-жылы Лос-Кабосто киши башына өлүм боюнча дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч болгон. Баңги картелдери Кабо-Сан-Лукас менен Сан-Хосе-дель-Кабо шаарларына кирип, аларды жана бүтүндөй муниципалитетти дүйнөдөгү эң кооптуу шаарлардын катарына кошуп, Лос-Кабостун эс алуу борбору катары кадыр-баркына шек келтирди. Туристтердин саны кескин түрдө кыскарды.Албетте, коркунуч кайда күтүп турганын эч ким айта албайт. Кылмыштуулук өтө төмөн болгон мамлекетте же шаарда деле кээ бир кооптуу жерлер бар. Кантсе да, маалымат алып алганыңыз ашыкча болбойт.