Жаңылыктар
Грек-римчилер Өзбекстанда окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө
Спорт
Грек-римчилер Өзбекстанда окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2021-жылга болгон окуу-машыгуу жыйындарынын календарлык планына ылайык, Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык мелдештерге  ийгиликтүү даярдануу максатында Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча курама команданын мүчөлөрү Ангрен шаарында (Өзбекстан) окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүп жатышат.

Окуу-машыгуу жыйындары 8-мартта старт алып, 25-мартка чейин уланат. Окуу-машыгуу жыйындарына төмөнкү спортчулар тартылган:

  1. Нурмухамед Абдуллаев, СЧ, салмак категориясы 55 кг;
  2. Калы Сулайманов, ЭДСЧ, 60;
  3. Куттубек Абдыкерим уулу, СЧ, 60 кг;
  4. Урмат Аматов, ЭДСЧ, 63 кг;
  5. Марлен Асыкеев, СЧ, 67;
  6. Амантур Исмаилов, ЭДСЧ, 67;
  7. Руслан Царев, ЭДСЧ, 72 кг;
  8. Акжол Махмудов, ЭДСЧ, 77;
  9. Кайрат Туголбаев, СЧ, 77;
  10. Акылбек Талантбеков, СЧ, 77 кг;
  11. Калидин Асыкеев, СЧ, 82;
  12. Атабек Азисбеков, ЭДСЧ, 87 кг;
  13. Азат Салидинов, СЧ, 87;
  14. Узур Жузупбеков, ЭДСЧ, 97;
  15. Бексултан Махмудов, СЧ, 97кг;
  16. Роман Ким, СЧ, 130;
  17. Арсен Эралиев, улук машыктыруучу;
  18. Улукбек Карачолоков, улук машыктыруучу;
  19. Азат Эркимбаев, башкы машыктыруучу.

Белгилей кетсек, спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлдү.