Кыргызстан менен Өзбекстан чек арадагы медициналык мекемелерге жардам берет. Коңшу мамлекеттен дары-дармектерди сатып алуу максат кылынууда. Президент Садыр Жапаровдун Ташкентке жасалган мамлекеттик сапарынын алкагында саламаттык сактоо тармагындагы кызматташууну жандантуу боюнча макулдашуулар болот деп күтүлүүдө. Өзбекстан Кыргызстанга пандемия учурунда бир топ жардамдарды көрсөткөн.