Жаңылыктар
Бахрейнде үч кыргыз мушкери жеңишке жетти
Спорт
Бахрейнде үч кыргыз мушкери жеңишке жетти

11-март күнү Бахрейндин борбору Манама шаарында "BRAVE CF 47"  турнири болуп өттү.

Кеченин башкы беттешинде Кубаныч Абдисалам уулу филиппиндик Роландо Дай менен жолукту. Беттеш башынан эле кыргыз мушкеринин көзөмөлүндө өттү. Экинчи раунддан соң филиппиндик мушкер беттешти улантуудан баш тартып, жеңиш кыргыз мушкерине ыйгарылды.Андан сырткары Рыскулбек Ибраимов Женел Лаусаны калыстардын бирдиктүү чечими менен жеңсе, Немат Абдрашитов Анзор Абдулходжаевди техникалык нокаут менен утуп алды.Турнир КТРК Спорт каналынан түз эфир аркылуу көрсөтүлдү.