Жаңылыктар
Сүйүнбай Эралиевди акыркы сапарга узатуу
Кыргызстан жаңылыктары
Сүйүнбай Эралиевди акыркы сапарга узатуу

Сүйүнбай Эралиевди акыркы сапарга узатуу, жарандык коштошуу ырасымын уюштуруу менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков башында турган уюштуруу комитети түзүлдү. Ага ылайык, маркум менен жарандык коштошуу ырасымы бүгүн саат 10:00дө Бишкек шаарындагы Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болот.

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл акыны Сүйүнбай Эралиев Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Уюштуруу комитетинин курамына президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин төрагасы Садык Шер-Нияз, вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, эл жазуучусу Бексултан Жакиев, жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов жана башкалар бар.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118