Жаңылыктар
Италияда карантин киргизилет
Дүйнө
Италияда карантин киргизилет

Коронавирус инфекциясынын жаңы толкунуна байланыштуу Италиянын калк жыш жайгашкан аймактарында 15-марттан тарта дүкөн, мектеп жана ресторандар жабылат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн премьер-министри Марио Драги маалымдады. 

Айтымында өлкөнүн жарымынан көбү жана Рим менен Милан шаарларынын калкы жыш жайгашкан аймактарында карантин режими киргизилет. 3-5-апрель Пасха майрамы күнү карантин өлкө аймагы боюнча күчүндө болот. 

Үйдөн чыгууга өтө зарыл гана учурда уруксат берилет. Өткөн жылы Европа өлкөлөрүнүн ичинен Италия алгачкылардан болуп, түндүк аймагында карантин тартибин киргизип, кийинчерээк өлкө аймагы камтылган. 

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, Италияда илдеттин көрсөткүчү алты жумадан бери өсүп, 25 миң адам жуктурган. Аймактардагы ооруканалардын реанимация бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипке өткөнүн GIMBE изилдөө борбору эскерткен. Италиянын Сардиния аралында оорунун көрсөткүчү төмөн.