Жаңылыктар
Кыз-келиндер арасындагы күрөш. Лицензиялык мелдештерге даярдануу (Тизме)
Спорт
Кыз-келиндер арасындагы күрөш. Лицензиялык мелдештерге даярдануу (Тизме)

Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы лицензиялык мелдештерге даярданууда. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттиктен билдиришти. Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык мелдештерге ийгиликтүү даярдануу максатында машыгуулар өтүүдө. Окуу-машыгуу жыйыны 10-мартта башталып, 19-мартка чейин уланат.


Окуу-машыгуу жыйынына төмөнкү спортчулар катышууда:

1. Айсулуу Тыныбекова, 62 кг;

2. Айпери Медет кызы, 76 кг;

3. Мээрим Жуманазарова, 68 кг;

4. Нураида Анаркулова, 57 кг;

5. Назира Марсбек кызы, 57 кг;

6. Калмира Билимбек кызы, 57 кг;

7. Бермет Нурдин кызы, 57 кг;

8. Дильноза Сазанова, 62 кг;

9. Жаркынай Нурланбек кызы, 59 кг;

10. Назик Мирлан кызы, 50 кг;

11. Айданек Мелисбек кызы, 53 кг;

12. Сезим Жуманазарова, 59 кг;

13. Таңчолпон Кыбалбекова, 59 кг.