Жаңылыктар
Өспүрүмдөр арасында достукту бекемдөө
Спорт
Өспүрүмдөр арасында достукту бекемдөө

Кадамжай РИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин демилгеси менен спорттук иш-чара уюштурулду. Бул ирет район борборунан 75 чакырым алыстыкта жайгашкан Совет айыл аймагынын Кан айылынын өспүрүмдөрү спорттун волейбол жана футбол түрү боюнча таймашышты. 

Футбол боюнча I орунга №72 кесиптик лицей, II орунга Т.Тургунов атындагы орто мектеби, III орунга Кан атындагы орто мектеби, ал эми IV орунга М.Миталипов атындагы толук эмес мектебинин окуучулары жетишсе, кыздар арасындагы волейбол оюну боюнча I орунду Т.Тургунов атындагы орто мектеби, II орун Кан атындагы орто мектебинин, III орунду №72 кесиптик лицейинин окуучулары камсыз кылды. 

Иш-чаранын максаты - эки айыл ортосундагы өспүрүмдөрдүн достугун бекемдөө, кылмыштуулуктун алдын алуу, зомбулук, суицид, укук бузууларга бөгөт коюу. Кадамжай РИИБдин Ж.Садиров атындагы Бүргөндү айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери мындай саамалыкты жыл сайын уюштуруп, өспүрүмдөр арасындагы профилактикалык иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүп тургандыктан 2021-жылдын 2 ай аралыгында өспүрүмдөр катышкан кылмыштуулук катталган эмес.