Жаңылыктар
Кыргызстандык спортчулар каратэ-до боюнча эл аралык мелдешке катышат
Спорт
Кыргызстандык спортчулар каратэ-до боюнча эл аралык мелдешке катышат

Кыргызстандык спортчулар каратэ-до боюнча эл аралык мелдешке катышат. “Karate Primer Legue” лицензиялык мелдеш Түркиянын Стамбул шаарында 12-14-март күндөрү өтөт. Ага 60 килограмм салмакта Рафаэль Акбаров, 84 килограмм категорияда Эрбол Жумалиев жана 61 килограмм салмак менен Кымбат Тойтонова катышат. Оюндун жыйынтыгы менен Токиодо өтүүчү жайкы олимпиадага лицензия алышат. Спортчулар мелдешке Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлүүдө.