Жаңылыктар
Референдум келечекти аныктайт
Саясат
Референдум келечекти аныктайт

Серепчилердин баамында жаңы баш мыйзам үчүн добуш берүү бул - өз тагдырыбызды өзүбүз чечүүгө болгон мүмкүнчүлүк. Башкы максат - өлкөнү кубаттандыруу, аны өнүккөн мамлекетке айландыруу. Улуттук өзгөчөлүккө ылайыктуу конституциялык түзүлүштү жана мамлекеттик башкаруунун шайкеш системасын калыптандырып, күчтүү жана улуттун кызыкчылыктарын көздөгөн социалдык, экономикалык жана тышкы саясатты ишке ашырышыбыз керек.