Жаңылыктар
Россиянын университеттеринин бири кыргызстандыктарды бюджеттик орундарга тапшырууга чакырат
Мекендештер
Россиянын университеттеринин бири кыргызстандыктарды бюджеттик орундарга тапшырууга чакырат

Быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн кулагына күмүш сырга. Россиянын абройлуу техникалык университеттеринин бири кыргызстандыктарды бюджеттик орундарга тапшырууга чакырат. 

Өз кезегинде Кыргызстандын Россиядагы элчилиги "Алгачкы кесип" долбоорун ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатат. Кыргызстандагы мектептердин жана кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүндө Россиянын эң абройлуу университеттеринин бирине тапшыруу мүмкүнчүлүгү жаралды. Москва автожол мамлекеттик техникалык  университети КМШ өлкөлөрүнөн келген чет элдик студенттерди өз алдынча тандап алуу укугуна ээ болду.