Жаңылыктар
Футболчу Гүлжигит Алыкулов Азия чөлкөмүндөгү "Апта оюнчусу" жарышында сап башына чыкты
Спорт
Футболчу Гүлжигит Алыкулов Азия чөлкөмүндөгү "Апта оюнчусу" жарышында сап башына чыкты

Казакстандын "Кайрат" футбол клубунун жарым коргоочусу, кыргызстандык Гүлжигит Алыкулов Азия чөлкөмүндө "Аптанын оюнчусу" жарышында сап башына чыкты. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынын расмий сайтында жарыяланды. 

Сурамжылоодо Иран, Австралия, Япония сыяктуу өлкөлөрдүн оюнчулары ат салышып, Алыкулов добуштун 44,31 пайызын алган. Экинчи сапты 22,42 пайыз менен Россиянын "Зенит" клубунун футболчусу, ирандык Сардар Азмун ээледи. Алыкулов 3-мартта өткөн футбол боюнча Казакстан Суперкубогунун жарым финалында "Тобол" командасына каршы беттеште 66 мүнөт ойноп, 1 гол жаратып, голдук пас берген. 

Бул оюнда топ өткөрүү 83 пайыз так болгону көрсөтүлгөн. Ал эми карагандалык "Шахтер" менен 45 мүнөт ойнолгон оюнда голго салым кошуп, 91 пайыз так топ өткөрүп берүү болгон.