Жаңылыктар
Япония өкмөтү Олимпиада оюндарына келген чет элдик лидерлердин коштоочуларынын санын чектөөнү кароодо
Дүйнө
Япония өкмөтү Олимпиада оюндарына келген чет элдик лидерлердин коштоочуларынын санын чектөөнү кароодо

Япония өкмөтү жай айында өтүүчү Олимпиада оюндарына келген чет элдик лидерлерди коштоп жүргөн адамдардын санын чектөөнү карап жатат. 

Мындай аракет коронавирустун жайылып кетүү коркунучунан улам болгонун Киодо агенттигине таянып "Р-Спорт" жазды. Агенттик билдиргендей, бул тууралуу ар бир өлкөнүн элчиликтеринин өкүлдөрү кабардар болгон. Тактап айтканда, чет мамлекеттин башчысын коштоп жүргөндөр 11 адамдан ашпайт, ал эми министрди коштоп жүргөн адамдардын саны төрт кишиден көп болбошу керек. Токио Олимпиадасынын бюджети 16 миллиард долларга чукулдады.

Коноктор катаал карантинден өтүшпөйт, бирок алар өлкөгө кирерден 72 саат мурун коронавируска каршы ПЧР-анализ тапшырып, аэропорттон кайрадан тесттен өтүшөт. Мындан тышкары, алардын спортчулар менен байланышуусуна чектөө коюлат. Бөлүнгөн гана транспорт менен жүрүшү зарыл.