Жаңылыктар
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек аранын талаштуу тилкелери тынчтык жолу менен гана чечилерин билдирди
Чек ара
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек аранын талаштуу тилкелери тынчтык жолу менен гана чечилерин билдирди

Бүгүн, 15-мартта Баткен облусунун Самаркандек айылында УКМК башчысы Камчыбек Ташиев менен жергиликтүү калк ортосунда жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз борбору билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө чек ара аймактарынын жашоочулары тууралуу маанилүү маселелер талкууланды. УКМК башчысы К.Ташиев бардыгына кайрылып, чек ара маселелери мамлекеттин өзгөчө көзөмөлүндө экендигин жана коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтты. Чек аранын бардык талаштуу тилкелери мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык, тынчтык жолу менен гана чечилерин айтып кетти.

Ошондой эле Камчыбек Ташиев аткезчиликти жана башка кылмыш иштерине бөгөт коюуга багытталган укук коргоо жана башка органдардын мыйзамдуу аракеттерине тоскоолдук кылгандар үчүн кылмыш жоопкерчиликтер караларын баса белгиледи. Жолугушуу конструктивдүү маанайда өттү.