Жаңылыктар
Ветеринардык абал өкмөт көзөмөлүндө
Кыргызстан жаңылыктары
Ветеринардык абал өкмөт көзөмөлүндө

Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев Каракол шаарындагы ветеринардык дартты аныктоо борборунда да болду. Бул борбор азыркы талаптарга жооп бербейт. 

Имараттар 1932-жылы салынып, авариялык абалга кептелген. Ички лабораториялык жабдыктары да талапка ылайык келбейт. Кыргызстан Евразиялык экономикалык бирдикте мындай шарттар менен иш алып барууга болбойт. Андыктан өкмөт жаңы лаборатория имаратын салуу долбоорун карап жатат. 

Бирок каражат бөлүнбөгөндүктөн ветеринардык дартты аныктоо борборунун иши жакшырбай келүүдө. Биринчи вице-премьер бул маселе жакын арада чечилет деп ишендирди.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118