Жаңылыктар
Кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт
Спорт
Кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт

22-23-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда (Бишкек шаары) кыргыз күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтөт. Мелдешке өлкөбүздүн  7 облусунан жана Ош, Бишкек шаарларынан спортчулар катышып, 55 кг, 60 кг, 66 кг, 74 кг, 84 кг, 96 кг, +96 кг салмакта күч сынашат.

Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын курамы түзүлүп, алар дүйнөлүк, Азия чемпионаттарында, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана башка эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргошот.

Кыргыз күрөшү боюнча 2021-жылкы өлкө чемпионаты Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз күрөш федерациясы тарабынан уюштурулуп, өткөрүлөт. 

Программа боюнча мелдештер 22-мартта саат 10:00до башталып, ачылыш аземи саат 14:00до болот.