Жаңылыктар
Алматыда коопсуздук чаралары күчөтүлдү
Дүйнө
Алматыда коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Бүгүн Алматы шаарындагы Алмалы райондук Ички иштер бөлүмүндө жана Улуттук коопсуздук кызматынын шаардык башкармалыгынын жанында ок атышуу болгонун жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты. Күбөлөр шаардын бир нече аймактарында ок атылганын айтууда. Бул тууралуу күбөлөрдүн сөзүнө таянып, Reuters маалымат агенттиги жазып чыккан.

Ок атышуудан 2 тартип сакчысынын каза болуп, дагы бир нече адам жаракат алганы айтылууда. Казакстандын Ички иштер министрлиги Алмата шаарындагы атышууга байланыштуу террор коркунучунун “кызыл чегин” жарыялады. 

Коопсуздуктун бийик деңгээли жергиликтүү убакыт боюнча 12:20да киргизгени айтылууда. Министрлик шаар тургундарына талап кылынган эрежелерди сактоону эскерүүдө. 

Алматы шаарында киши өмүрүн алган окуяга байланыштуу кыргыз-казак чек ара өткөрүү пункттарында коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Көзөмөл-өткөрүү пункттарына кошумча аскер күчтөрү жиберилди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирүү таратты.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118