Өнөр жай өндүрүшү ички дүң өндүрүмдүн он пайыздан ашыгын түзөт. Анын ичинде тоо-кен тармагы жыл сайын республикалык бюджетке 10 млрд сомдой каражатын берип турат. Кен чыккан аймактардагы өндүрүштүн саны көбөйсө, казынага келчү каражат дагы артары турган иш. Дал ушундай өндүрүштөрдүн бири Таластагы "Жерүй" кенинде алтынды ылгап ала турган комбинат эртең ишин баштайт.
Адистердин айтымында тоо-кен тармагы татаал өндүрүш. Ошол эле учурда өлкө экономикасы үчүн кирешелүү тармактардын бири. Кыргызстан бул багыттагы дараметин тилекке каршы толук колдоно албай келет.
Кыргызстандагы эң эле коррупциялашкан тармактардын бири да дал ушул тармак. Лицензия бергенден тартып, кенди иштеткенге чейин кара схемалар түзүлгөн. Мындай башаламандыкты жоюу максатында январь айынын аягында президенттин атайын жарлыгы чыккан. Анда тармакты реформа кылып, лицензия берүү жол жоболорун тактап, тоо-кен тармагындагы мыйзамдарды кайра карап чыгып, инвесторлорго шарт түзүү чаралары көрсөтүлгөн.
Тоо-кен тармагында иштеген мамлекеттин үлүшү бар өндүрүштүн дээрлик бардыгын чет элдик инвесторлор иштетет. Көп учурда инвестор менен жергиликтүү калк ортосундагы пикир келишпестик жаралып, жаңжал чыккан учурлар болууда. Адистердин пикиринде мамлекет бул тармакка инвестиция тартып, каражат табам десе калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, чет элдик капиталга шарт түзүп бериши керек.