Жаңылыктар
Алаканы арттырган мамлекеттик сапар
Кыргызстан жаңылыктары
Алаканы арттырган мамлекеттик сапар

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы товар алмашуунун көлөмүн эки эсеге көбөйтүү толук мүмкүн. Ал үчүн бардык шарттар бар. Биринчиден, өндүрүштүк кооперациялар өнүгүп жатат. Экинчиден, эки өлкөнүн тең транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрү кеңейүүдө. Үчүнчүдөн бажы жана чек ара көзөмөл өткөрүү талаптары жеңилдеди. 

Президент Садыр Жапаровдун өзбекстанга мамлекеттик сапары экономикалык, инвестициялык жана саясий багытта жемиштүү болгонун эки өлкөнүн адистери белгилешет. Лидерлер бардык маселелерде чечкиндүүлүгүн көрсөтүп, ортодогу көйгөйлөрдү жоюунун маалы келгенин президенттер кабыл алган чечимдер айгинелегенин айтышат.

Эки өлкө ортодогу чек арадан тарта элдердин достугун чыңдоо багытында бардык жагдайларда орток пикирге келишти. Эки тараптуу кызыкчылыкты көздөгөн жыйырмадан ашык келишимдерге кол коюлуп, тогуз млн долларга чамалаган инвестициялык макулдашууларга жетишилди.

Өлкө башчылар кол коюлган келишимдердин, жетишилген макулдашуулардын ишке ашуусун өкмөттөн талап кылып, ай сайын маалымат алып турабыз деген убада беришти. Ар бир келишимдин жүзөгө ашуу мөөнөтү көрсөтүлүп, кайсы тарап эмне аткарары аныкталганын белгилешкен. Кол коюлган документтердин көбү ниеттенүүнү билдирген меморандум эмес анык ишке аша турган келишимдер экенин өз кезегинде өзбек президенти айтты.