Жаңылыктар
Кыргызстан Өзбекстандан дары-дармек менен медициналык жабдууларды сатып алат
Ден соолук
Кыргызстан Өзбекстандан дары-дармек менен медициналык жабдууларды сатып алат

Кыргызстан Өзбекстандан дары-дармек менен медициналык жабдууларды сатып алат. Учурда бул багытта келишим даярдалууда. Буга чейин эки өлкө саламаттык сактоо тармагында кызматташууну макулдашкан. Дарыгерлердин тажрыйба алмашуусу, бейтаптарды жарандыгына карабай дарылоо сыяктуу жагдайлар каралууда.

Президенттин Ташкентке жасалган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган документтердин катарында саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуу боюнча макулдашуу да бар. Ага ылайык эки өлкө бир катар долбоорлорду биргелешип ишке ашырууну максат кылып жатат.

Тараптар мындан сырткары дары-дармек соодасы боюнча да пикир алышкан. Ташкентте уюштурулган бизнес форумда Өзбекстандын фармацевтикалык компанияларынын мүмкүнчүлүктөрү талкууланган. Кыргызстандагы дары-дармектердин 97 пайызы импорттук товарлар болуп саналат. Алыскы өлкөлөрдөн алып келүүнүн чыгымы жогору болгондуктан бул баага олуттуу таасир этүүдө. Коңшу өлкө менен болгон соода көйгөйдү жеңилдетет. Өзбекстанда дары, медициналык жабдууларды жасаган ондогон ишканалар бар