Жаңылыктар
"Азия MIX" Кыргызстандын сыймыгы!
Маданият
"Азия MIX" Кыргызстандын сыймыгы!

Президент Алмазбек Атамбаев "Азия MIX" командасын "Голосящий КиВиН-2016" фестивалындагы жеңиши менен куттуктады. "Силердин чыгармачылыгыңар жана силердин жеңишиңер мекениңерге керек. Алар кыргыз жаштарына ишенич, баарыбызга өзүбүздүн укмуштуудай мекенибиз менен сыймыктанчу сезимдерди тартуулайт. Силерге жаңы ийгиликтерди каалайм!" - деп айтылат Президенттин куттуктоосунда. 

Мамлекет башчы "Азия MIX" командасы өзүнүн талыкпас эмгеги, таланты жана чыгармачылык энергиясынын аркасы менен көрүнүктүү жогорку командалардын бири боло алганын баса белгилеп, 

"Кыргыздар ар бирибиз чыдамсыздык менен КВНдеги өзүбүздүн жылдыздарыбыздын чыгышын күтүп, силерге боор тартып, сыймыктанабыз, "Азия MIX" өзүнүн ийгиликтери менен кыргыз маданиятынын мекениндеги жана чет элдеги өнүгүшүнө салым кошуп, эл аралык аренада өлкөнүн позитивдүү имиджин көтөрүп, кыргыздардын чыгармачылыгын жогорулатып жатат", - деп билдирди.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118