Жаңылыктар
Мигранттар кайрадан Орусия менен Казакстанга арбын кетиши байкалууда
Экономика
Мигранттар кайрадан  Орусия менен  Казакстанга  арбын кетиши  байкалууда

2013-2014-жылдары Орусияга кеткен  кыргызстандыктардын саны 60 миңге азайган. 2015-жылы өлкө  Евразиялык  экономикалык  биримдикке киргени  мигранттардын кайрадан  Орусия менен  Казакстанга  арбын кетиши  байкалууда. Бул тууралуу  мамлекеттик миграция  кызматынан  билдиришти. Тактап айтканда, мурда  Орусиянын  аймагында жүргөн  кыргызстандыктардын  саны 585 миңдей  болсо, бүгүнкү  кундө  алардын саны 5500  экендиги  расмий  айтылды.

 Миграция  маселеси  кийнки  мезгилдерде  бир эле Кыргызстандын эмес, көптөгөн  дүйнө   өлкөлөрүнүн да өзөктүү  проблемасына айланды. Айрым мамлекеттердеги саясий туруксуздук  жарандардын  мекенин  таштап, тынч турмушту  көздөй  агылышына алып келип жатса, биздеги  көйгө  жумушсуздукка  келип такалат. Орун алган  көрүнүштү  жеңилдетүү максатында  быйылкы  жылга  миграция мыйзамына өзгөртүүлөр  киргизилип, бир катар  сунуштар  берилип келет.