Жаңылыктар
Кыргызстандык Азиз Мадаминов бильярд боюнча Дүйнө Кубогуна катышууда
Спорт
Кыргызстандык Азиз Мадаминов бильярд боюнча Дүйнө Кубогуна катышууда

Кыргызстандык Азиз Мадаминов Москва шаарында өтүп жаткан бильярддын "Эркин Пирамида" дисциплинасы боюнча 2021-жылдагы Дүйнөлүк кубокко катышууда. Аталган мелдеш 8-мартта старт алып, 31-майга чейин уланат.

Россиянын бильярд спорту боюнча федерациясынын маалыматына ылайык, турнирге Россия, Беларуссия, Кыргызстан, Украина жана Молдовадан келген спортчулар катышып жатат. Мелдештин байге фонду 1 100 000 рублды түзөт.

Азиз Мадаминов алгачкы беттешин 15-мартта россиялык Иосиф Абрамовго каршы өткөрүп, 6:4 эсебинде жеңишке жеткен. Эми 5-апрелде беларуссиялык Владислав Радионов менен жолугат.

Дүйнө Кубогунун жарым финалдык оюндары 17- 24-май күндөрү болсо, финал 31-май күнү өтөт.

Турнирдин беттештери түз эфир аркылуу «Матч! Страна» каналынан дүйшөмбү күндөрү Бишке сааты боюнча 01:00дө көрсөтүлүп жатат.