Жаңылыктар
Дзюдо боюнча Азия чемпионатына даярдык көрүүнүн алкагында көчмө жыйын болуп өттү
Спорт
Дзюдо боюнча Азия чемпионатына даярдык көрүүнүн алкагында көчмө жыйын болуп өттү

Дзюдо боюнча Азия чемпионатына даярдык көрүүнүн алкагында көчмө жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, 17-март күнү, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына даярдык көрүүнүн алкагында көчмө жыйын өткөрдү. 

Иш-чарага Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов, Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Колбаев, «Газпром – балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин директору Ишенбек Дуйшеев катышты.

Жыйындын катышуучулары чемпиоантты өткөрүү учурунда комплексте коопсуздук чараларын камсыз кылуу жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу боюнча уюштуруу маселелерин талкуулашты. 

Белгилей кетсек, дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты 2021-жылдын 6-апрелинен 9-апрелине чейин Бишкек шаарында өтөт.