Жаңылыктар
Мурас-Ордодогу 13 жашар баланын өлүмүнө бир тууган агасы шектелип кармалды
Кылмыш
Мурас-Ордодогу 13 жашар баланын өлүмүнө бир тууган агасы шектелип кармалды

Бишкек шаарындагы «Мурас-Ордо» жаңы конушунда 13 жашар бала үйүндө бычакталып өлтүрүлгөн сөөгү табылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти. 

Алардын айтымында, окуя болжол менен 17-мартта эртең менен, баланын ата-энеси үйдө жок кезде болгон. 

Анын сөөгүн үйдөн жумуштан кайтып келген апасы тапкан. 10-класста окуган агасы дайынсыз болгондуктан ал издөөгө алынган. Милиция кызматтык ит менен айлана-тегеректи издеп, камыштын арасынан өлгөн баланын А.С. аттуу агасын — шектелип жаткан уланды тапкан.

Милиция уланды убактылуу кармоо жайына киргизип, тергөө башталганын кошумчалады.