Жаңылыктар
Бишкекте 27-28-март күндөрү төкмө акындардын айтышы өтөт
Маданият
Бишкекте 27-28-март күндөрү төкмө акындардын айтышы өтөт

Бишкекте 27-28-март күндөрү төкмө акындар арасында республикалык айтыш өтөт. Бул тууралуу  "Айтыш" коомдук фонду кабарлады. 

Иш-чара аталган фонддун 20 жылдыгына жана акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналары жазылган. 

27-мартта Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын концерттик залында тандоо туру болсо, 28-мартта улуттук филармонияда жеңүүчүлөр аныкталат. Мелдештин байге фонду — 1 миллион сом.