Жаңылыктар
Алматыдагы атышуудан беш адам каза болду
Кылмыш
 Алматыдагы атышуудан беш адам каза болду

Алматыдагы атышуудан беш адам каза болду. Анын үчөө полиция кызматкери болсо, бирөө жөнөкөй жаран, дагы бири чек ара кызматкери болгон. Учурда шаарда антитеррордук операция жарыяланып, күч түзүмдөрү элди көчөгө чыкпоого үндөп жатат.

Азырынча ок чыгаргандардын бирөө кармалып, ал мурда соттолгон Кызыл Ордо облусунун 27 жаштагы тургуну болуп чыкты. Ал ушул дем алыш күндөрү аял кишини өлтүрүүгө катыштыгы бар деп да шектелип жатат. 

Бул арада ооруканада атышуулардан жарат алган беш жаранга операциялар жасалды. Медициналык мекемелер катуу көзөмөлгө алынды. Белгилей кетсек, саат эртең мененки 11лерде кылмышкер автоунаасын минип кетип, аны менен Алмалы райондук милициясына кириш үчүн алгач, жөнөкөй жаранга кол салган.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118