Коомчулуктун көңүлүн өзгөчө буруп жаткан мандат талаш чыры дагы деле токтой элек. Райондук соттун чечимине макул болбогон Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку сотко кайрылды. Бул тууралуу “Биринчи радиого” БШК билдирди. 15-январда Биринчи Май райондук соту депутаттар Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманова мандатынан мыйзамсыз ажыратылган деген өкүм чыгарып, БШКнын депутаттарды мандатынан ажыратуу чечимин мыйзамсыз деп тапкан болчу. Ал эми учурда парламентте 118 депутат иштеп жатат. Жогорку Соттун чечими чыкмайынча, жаны талапкерлер да, мандаттан ажырап жаткан эл өкүлдөрү да Жогорку Кеңештеги кызмат ордуна бара албайт.
Шайлоо алдында Элмира Жумалиева “Кыргызстан” партиясы менен бирге шайлоого аттанып жатканын айтып, партиялаштары менен бирге элдин көйгөйүн чечүүгө болгон аракеттин жумшарын айткан.
Шайлоонун жыйынтыгы менен “Кыргызстан” партиясы 3-орунду алып, парламентте 18 мандатка ээ болуп ишин баштаган. Андан 4 ай өтүп-өтпөй "Кыргызстан" партиясы депутаттар Эльмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы катарынан чыгарып, өз чечимин БШКга жөнөткөн. Анын негизинде комиссия депутаттарды мандатынан ажыраткан. Бирок, эл өкүлдөрү депутаттыктан баш тартуу тууралуу арыз жазбаганын айтып, Биринчи Май райондук сотуна кайрылган болчу. Партиялаштарынын мындай кадамы Эльмира Жумалиевага оор тийген.
Ал эми райондук сот Жогорку Кеңештин депутаттары Жумалиева менен Эсенаманова мандатынан мыйзамсыз ажыратылган деген өкүм чыгарып, БШКнын депутаттарды мандатынан ажыратуу чечимин мыйзамсыз деп тапкан.Мындай чечим эл өкүлдөрүнүн тарапташтарын кубанычка бөлөгөн болчу.
Бирок райондук соттун мындай чечимине макул болбогон Борбордук Шайлоо комитети Жогоркусотко өткөн жуманын аягында арыз жазган. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Рашид Бекбасаров “Биринчи радиого” билдирди.
Борбордук шайлоо комитети эки депутат айымды мандатан ажыраткан сон дароо эле партиялык тизмеде турган Алмазбек Токторов менен Урматбек Самаевди каттоого алган. Жогорку Кенештин депутаты, Парламенттин этика боюнча комитетинин мурунку жетекчиси Айнуру Алтыбаеванын айтымында, мыйзамдын негизинде Жогорку Кенеште 124 депутат иштеш керек. Ал эми БШК каттоого алган жарандар Токторов менен Самаев, учурда арыздануу иши жүрүп жаткандыктан депутаттык анттарын бере алышпайт.
Коомчулукта БШКнын чыгарган чечими кескин сынга кабылды. Ошол эле учурда Парламенттеги фракциялардын, жана анын жетекчилери мандаттарды акчалууларга сатып, ачык соода жүргүзүп жатат деген да пикирлер айтылууда. “Коомдук анализ институту” коомдук бирикмесинин директору Рита Карасартованын айтымында, фракция ичиндеги мандат талашуулар жалпы Парламенттин дегээлин түшүрүп, башка депуттатарга да көө жаап жатат.
Эске салсак буга чейин “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаев да, Парламентте айлык-акынын аздыгын айтып, мандатын тапшырган эле. Талдоочулар мындай жол менен мандат тартып алуу башка фракцияларда да болушу мүмкүн экендиги айтышат. Ал эми "Кыргызстан" фракциясынын мандат талаш чырына акыркы чекитти Жогорку Сот коймокчу.