Жаңылыктар
Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны көбөйдү
Дүйнө
Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны көбөйдү

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны көбөйдү. Өткөн суткада COVID-19 1 264 кишиден аныкталып, буга чейин ооруп жаткан бейтаптардын арасынан 10 адам каза болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Жуктургандардын саны боюнча өткөн суткада алдыңкы орунда Нур-Султан менен Алматы шаарлары турат. Аталган эки калаа "кызыл тилкеге" кирген. Башка аймактарда илдет аныкталгандардын саны 100дөн төмөн. Джон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, коңшу Казакстанда вирус жугузуп алгандардын саны 279 миңден ашты.