Жаңылыктар
Абактагы бир жарандын күнүмдүк тамагы 60 сомдон 180 сомго чейин жетет
Кыргызстан жаңылыктары
Абактагы бир жарандын күнүмдүк тамагы 60 сомдон 180 сомго чейин жетет

Бишкекте Нельсон Манделанын күнү белгиленди. Бул күнгө карата эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен Мамлекеттик Жаза аткаруу кызматы абактагы адамдардын укугун коргоону талкууга алды. Анда темир тор артына кесилген жарандардын ден соолугун сактоо, иш менен камсыз кылуу жана күзөтчүлөр тарабынан кыйноолорду болтурбоо  маселелери көтөрүлдү.

Бактыгүл Борончиева №2 аялдар колониясында тажрыйбалуу тигүүчүлөрдүн бири. Ал 10 жылдан бери өмүрүн темир тор артында өткөрүп келет. Тигүүчүлүк кесипти абактан өздөштүрүп, учурда айлык алып эмгек кылат. Убакыт-сааты келип эркиндикке чыкканда да тигүүчүлүк кесипти улантарын айтат.

№2 аялдар абагындагылар тигүү цехинен сырткары да навайкана, тоок фермада да эмгектенип, буюм-тайымдарды жазап, сойа сүтүн да өндүрүшөт. Ошондой эле башка түзөтүү, тарбиялоо, жатак колонияларында айыл-чарба азыктарын өстүрүү жана сүт-эт азыктарын иштетүү да уюштурулган. Өндүрүштөн түшкөн каражат абактын башка кем-карчыларына керектелет. Мунун менен кылмышкерлерди эмгекке үйрөтүп түрмөдөн чыккандан кийин да коомчулукка аралаштырууну жана мамлекетке аз да болсо пайда алып келүүсүн көздөдүк дейт, Мамлекеттик Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары Таалайбек Жапаров.

Өлкө боюнча 61 аймактык жаза аткаруу инспекциясы, 14 жатак абагы, 6 тергөө изолятору жана 11 түзөтүү колониясы, анын ичинде 1 кургак учукка каршы күрөшүү мекемеси, 1 тарбиялоо абагы жана 1 аялдар колониясы бар. Соттолгон кылмышкерлердин укугун коргоо максатында көпчүлүк абактарда жашоого-шарттар түзүлгөн. Темир эшиктин артындагы бир жарандын күнүмдүк тамагы, кармоо жайына жараша 60 сомдон 180 сомго чейин жетет. Андагы тамак-аштын сапатына да маани берилет деп кошумчалады Таалайбек Жапаров.

Өлкөдөгү жаза аткаруу мекемелеринде жугуштуу ооруларга чалдыккандар өзүнчө камераларда кармалып, кургак учукка каршы күрөшүү мекемесинде атайын дарылануудан өтөт. Кыргызстандагы түрмөлөр лагердик типте болгондуктан кылмышкерлерди өзүнчө кармоо көйгөй жаратып келет. Ал эми өмүр бою эркинен ажырагандар, саясий кылмышкерлер, экстремистик-терорристик маанайдагы кылмышка тийешеси барлар жана укук коргоо органдарында кызмат кылгандар өзүнчө камераларда кармалат. Мамлекеттик Жаза аткаруу кызматынын байкоочулар кеңешинин төрайымы Чолпон Өмүрканова айрым түзөтүү жайларында жана балдар колониясында кесиптик билим берүү лицейлери алчылып, кылмышкерлерге билим берилип жатканын айтты.

Ал эми 18-июль Нельсон Манделанын эл аралык күнү БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 2009-жылы ноябрда негизделген. Ал жыл сайын БУУга мүчө мамлекеттер тарабынан белгиленип келет. Эске салсак, Нельсон Мандела Түштүк Африка республикасынын алгачкы кара терилүү президенти. Ал 27 жыл бою Африканын адам чыдагыс түрмөлөрүндө олтуруп да адам укуктары боюнча активдүү күрөш жүргүзгөн. Ага 1993-жылы Нобель сыйлыгы берилген.

С. Идирисов, «Биринчи радио»

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам! 
WhatsApp +996551748118