Жаңылыктар
UFCнин жетекчиси Дана Уайт: Хабиб Нурмагомедов 100% карьерасын расмий жыйынтыктады
Спорт
UFCнин жетекчиси Дана Уайт: Хабиб Нурмагомедов 100% карьерасын расмий жыйынтыктады

UFC уюмунун жеңил салмак категориясындагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов расмий түрдө карьерасын жыйынтыктады.Бул тууралуу UFCнин президенти Дана Уайт Twitter баракчасына жарыялады.

“Ал расмий түрдө карьерасын 100% жыйынтыктады. Сенин укмуштуудай беттештериңди  суктануу менен көрдүк. Кызматташканыбыз үчүн рахмат. Алдыдагы иштериңден ырахат алып жаша, менин досум”,- деп жазган Уайт.Уайт кийинчерээк ESPNге билдиргендей, 15-майда UFC 262 турниринде америкалык Майкл Чандлер менен бразилиялык Чарлз Оливейранын ортосунда Нурмагомедов калтырган чемпиондук кур үчүн беттеш болот.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын октябрь айында Нурмагомедов америкалык Жастин Гетжини уткандан соң карьерасын жыйынтыктаган эле.

Бирок Дана Уайт жеңил салмактагы чемпион 30-беттеши үчүн октагонго кайтарын билдирип келген. Анткени менен, Хабиб чын эле кайтабы же жокпу деген сөздөр болуп, эми гана расмий түрдө белгилүү болду.

32 жаштагы Хабиб Нурмагомедов ММА карьерасында 29 беттеш өткөрүп, бардыгында жеңишке жеткен.