Жаңылыктар
Бүгүн - Нооруз майрамы
Маданият
Бүгүн - Нооруз майрамы

Бүгүн Нооруз майрамы.  Күн менен түн тогошкон чыгыш элдеринин Нооруз же “Жаңы күн” майрамы кылымдар бою белгиленип келет. Бул майрамдын формасы менен маңызы калыбында сакталып калган. Нооруздун негизги жөрөлгөлөрүн бири арча түтөтүп, алас айтуу, айлана-чөйрөнү тазалоо жана сүмөлөк жасоо. 

Майрам жыл сайын өлкөнүн баардык аймагында шаан-шөкөт менен чоң масштабда белгиленчү. Бишкек шаарында эпидемиологиялык абалга байланыштуу Нооруз майрамын белгилөөгө тыюу салынды.

 Анткен менен аймактарда, тар чөйрөдө, ар бир үйдө күн менен түндүн тогошкон күнү - Нооруз адаттагыдай эле майрамдалууда. Жаңы жылыбыз жакшылыктарды алып келсин! Башталыштар ийгиликтерге толсун, Майрамыңыздар менен!