Жаңылыктар
Бүгүн кыргыз адабиятынын классик акыны Алыкул Осмоновдун туулган күнү
Маданият
Бүгүн кыргыз адабиятынын классик акыны Алыкул Осмоновдун туулган күнү

Ал 1915-жылы 21-мартта жарык дүйнөгө келген. 13 жашына чейин Токмок балдар үйүндө тарбияланып, кийин Фрунзе педагогикалык техникумуна тапшырып ден соолугуна байланыштуу окуу жайды бүтүргөн эмес. Эмгек жолу «Чабуул» журналынан башталган. Алыкул Осмоновдун «Кызыл жүк» деген алгачкы ыры «Сабаттуу бол» гезитине 1930-жылы жарыяланып, “Таңдагы ырлар” туңгуч жыйнагы 1935-жылы басылып чыккан. 

Акын дүйнөлүк жана орус адабиятына кызыгып, алардын бир тобун эне тилине которуу менен бирге чыгармачыл мектептен өтүп, кыргыз фольклоруна терең маани берүү менен эл арасынан көптөгөн уламыштарды чогултуп, алардын негизинде ондогон поэмаларды жазган.

Чыгармачыл эмгектин арты менен 1938-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө өткөн. Ошол эле жылы “Ардак белгиси” ордени, 1946-жылы “1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги каарман эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган. Осмоновдун алтымыштан ашык ырларына обон чыгарылып, Мелис Убукеев, ЛиляТурусбекова, СагынбекИшенов сыяктуу кинорежиссерлор акын тууралуу бир топ тасмаларды тартышкан.