Жаңылыктар
Кыргызстанга “Газпромдун” келиши менен абал өзгөрүп, маселе чечилди
Экономика
Кыргызстанга “Газпромдун” келиши менен абал өзгөрүп, маселе чечилди

Газпром Кыргызстан» ишканасы «КазТрансГаз» ачык акционердик коомуна көгүлтүр от үчүн 41,6 миллион доллар карызынан кутулду. Мекеменин маалыматына ылайык, бул бересе 2004-2014-жылдар аралыгында  топтолгон. 10 жыл бою “Кыргызгаз” коңшуларга карызын төлөгөн эмес. Эми  Кыргызстанга “Газпромдун” келиши менен абал өзгөрүп, маселе чечилди. Эске салсак,  2014-жылы  Орусиянын «Газпрому» “Кыргызгаздын ” 10 пайыз акциясын сатып алып, өлкөнү үзгүлтүксүз көгултүр от менен камсыздоо милдеттенмесин алган.

Кыргызстан эгемендүүлүк жылдарында  көгүлтүр отту кошуна Казакстан менен Өзбекстандан алып келген. Деген менен өлкөнүн түштүк аймагы көбүрөк  жапа чегип, кыш чилдесинде газы жок отуруп  калган жагдайлар жаралган. Өткөн жылдары   “Кыргызгазды” россиялык  “Газпромго” сатуу  маселеси каралып, “Кыргызгаздын” ал кездеги жетекчиси Куралбек Наскеев , мекеменин 38миллион доллар карызын  эсепке алуу менен сатууга боло тургандыгын билдирген.

- 2003-2004-жылдардагы карыздар бар, 1  долларга сатуу деген ушундай баа менен эсептелип жатат. Газпром да өзүнө  карыздардан кутултуу деген милдетти алып жатат.

Ошентип “Кыргызгаз” ишканасын бардык активдери жана карызы менен кошо Орусиянын “Газпром” ишканасы  2014-жылдын апрель айында 1 долларга сатып алды. Жакынкы 3 жыл  ичинде  компания газ тармагына 45 миллиард сомдон ашык каражат сала тургандыгын ишкананын жетекчиси Алексей Миллер баса белгилеген: 

- Биз алгачкы иш-чаралардын бардыгын толугу  менен  каржылайбыз деген милдетти алып  жатабыз: бул – инвестициялоо  жагы , 15  жыл аралыгында газдаштыруу  60 пайызга  чейин жетет..

Компания сатылгандан кийин  Миллер Кыргызстанга бир нече жолу келип кетти. Расимй визитинин биринде “Газпромдун ” Кыргызстанды  газдаштыруу жана көгүлтүр от менен камсыздоонун  башкы схемалары талкууланып, 2030-жылга өлкө аймагынын 60 пайызы жаратылыш оту менен камсыздала тургандыгын убада кылган.  «Газпром Кыргызстан» ишканасынын маалымат катчысы  Мирбек Молдакуновдун айтуусунда:

- Газпром Бишкектин тегерегиндеги 22 конушту  газдаштырат. 2019-жылы болсо Ысык-Көл , Нарын облусттарына чыгат. 2030-жылы 400  калктуу пункт камсыздалат, бул дээрлик өлкөнүн 

Дагы бир милдеттенмеси  -  «Газпром» Кыргызстандын карыздарынан кутулуш керек болчу. Кыргызстандын  Казакстанга  2004-жылдан бери топтолгон 42 млн доллар бересесинен  кутулуп, ишкана дагы бир убадасын аткарды.

42 млн доллар өлчөмүндөгү карыз – бул Казакстан речспубликасына гана , жалпысынан  бүгүнкү күнгө чейин Россия компаниясы 4 миллиард сомду  төлөдү. 

«Газпром» өлкө рыногуна киргенде, көпчүлүк  нааразы болуп, жада калса  каршылык акцияларын да өткөрушкөн. Бирок, Казакстан жана Озбекстандын  көгүлтүр оту  менен республиканы  камсыздоо долбоорун  ишке ашыруу мүмкүн эмес  эле дейт  ошол кездеги энергетика министри , учурдагы  депутат, ЖКтин отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү   Осмонбек Артыкбаев.  

2014-жылдын апрель айында россиялык «Газпром» «Кыргызгаздын»  100 пайыз акциясын сатып алып, натыйжада «Газпром Кыргызстан» мекемеси түзүлдү.   Өткөн  жылдын  22-декабрында Президент Алмазбек Атамбаев,  “Газпромдун” жетекчиси  Алексей  Миллер  менен жолугуп,  компаниянын Кыргызстандын  газ бөлүштүрүүчү  системаларын өнүктүрүү  боюнча ишмердүүлүгү, аймактарды газдаштыруу маселесин талкуулашты жана   өлкөнүн энергетика секторун  инвестициялоо  боюнча  алдыдагы пландар  тууралуу сүйлөшүшту. Кыргызстан   азыркы тапта  «Газпромго» жаратылыш газынын миң кубметри үчүн 165 доллардан  төлөйт. Бирок, АКШ валютасынын туруксуздугуна жараша  газга тариф өзгөрүп турат. 

Кыргыз-орус өкмөттөр  аралык  жыйынында өкмөт башчы  Темир Сариев, Кыргызстан менен  Россия жаратылыш газын алып келүүдө  рубль менен сом аркылуу эсептөөгө өткөрүү жагын  эки  өлкөнүн  банктарына бир пиикрге келүүлөрүн тапшырган болучу.  Кыргызстан Казакстанга болгон бересени 2004-2014-жылдардан бери төлөй албай келген эле. Казак тарап аны кайтарууну талап кылып, маселе өкмөттүк деңгээлде талкууланып, Астананын сотуна чейин жеткен.

Г.Усенова