Жаңылыктар
Көп улуттуу калк отурукташкан Сокулукта Нооруз майрамын жылуу маанай менен тосуп алды
Маданият
Көп улуттуу калк отурукташкан Сокулукта Нооруз майрамын жылуу маанай менен тосуп алды

Чүй облусундагы көп улуттуу калк отурукташкан Сокулук районунун жашоочулары Нооруз майрамын жылуу маанай менен тосуп алды. Улуу майрамды утурлай шайыр апалар тобу жана ак сакалдар ырым-жырым менен сүмөлөк бышырып, жөрөлгө кылып, эл-журт үчүн амандык, тынчтык, өнүгүү тилешти. 

Андан тышкары райондун ат майданында концерттик программа менен коштолгон ат оюндары болуп өттү. Тай, кунан жана аламан чабышта күлүк аттар жарышып, озуп чыккан чабармандарга сыйлыктар ыйгарылды. Байге фондуна 80 миң сом каралган. 

Ал эми район ичинен 4 команда улак тартышып, Кызыл-Туу айылынын оюнчулары мөөрөйдү алып кетишти. Көк бөрү оюнунун байге фонду 50 миң сом болду. Улуттук ат оюндарына катышууга башка дубандан дагы келишкен. Майрамдык иш-чара санитардык эрежелерди сактоо аркылуу уюшулган. Нооруз майрамы мусулман элинин жаңы жылы болуп эсептелет. Бул күндү Кыргызстанда жашап аткан улуттун баары жыл сайын улуу майрам катары белгилейт.