Жаңылыктар
“Ынтымак” командасы “Нооруз – 2021” мелдешинин чемпиону аталды
Спорт
“Ынтымак” командасы “Нооруз – 2021” мелдешинин чемпиону аталды

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында бүгүн Нооруз майрамына арналган көк бөрү боюнча турнирде Таластын “Ынтымак” командасы жогорку лиганын чемпиону аталды.

Адаттагыдай эле финалда Оштун “Достук” жана Таластын “Ынтымак” командасы жолукту. Беттештин негизги убактысы тең чыгуу менен(4:4) эсебинде аяктап, булитте “Ынтымак” командасы 6:5 эсебинде ийгиликтүү болду.

Оюн башталганда “Ынтымак” жааты 2 улактын автору болуп, 1-таймды жыйынтыктады. 2-таймда “Достук” командасы эсепти теңеди. Беттештин 3-бөлүгү да кызыктуу өтүп,”Достуктун” улакчылары 2 салым жасады. Ага удаа эле “Ынтымактын” оюнчулары эки улакты салып, эсепти 4:4 кылып өзгөрттү.

Андан кийинки кошумча убакытта да эки команда улак сала алышкан жок. Натыйжада булит орун алып, 6:5 эсебинде “Ынтымак” командасы турнирди жеңип алды.

“Нооруз – 2021” мелдеши 17-мартта старт алып, бүгүн, 21-мартта аяктады. Жогорку лигада алты команда, биринчи лигада 13 команда күч сынашты. Биринчи лигада “Кара-Буура” командасы “Жети-Өгүз” жаатын 2:1 эсебинде жеңип алды. Көк бөрү боюнча мелдештен сырткары, салбуурун, эр эңиш, ат чабыш боюнча да байгелер ойнотулду.

“Нооруз 2021” мелдеши коомдук ишмер, экс-депутат Болот Шер жана белгилүү кинорежиссерлор Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеевдин жаркын элесине арналып, ачык чемпионат аталышында өткөрүлдү.