Жаңылыктар
Ошто жайыт маселелери боюнча конференция өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто жайыт маселелери боюнча конференция өттү

“Мал чарбачылыкты жана рынокту өнүктүрүү - 2” долбоору жыйынтыкталды. 6 жылга созулган программанын алкагында жасалган иштер Ошто өткөн конференцияда айтылды. Долбоор Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусун камтыган. 

Максаты - жайыт пайдалануучулардын коомдук бирикмелерине ресурстарды сарамжалдуу жана туруктуу пайдаланып, жайыттардын жана мал чарбачылыктын инфраструктурасын өнүктүрө алган экономикалык мамилелердин өзүнчө субъекти болуп өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзүү. 

Ага ылайык, жайыттардын сапатын жакшыртуу боюнча долбоорлор ишке ашырылган. Жайыт жолдорун оңдоо үчүн жалпы 406 даана атайын техника алынган. Долбоор иштеп баштагандан бери 189 жайыт пайдалануучулар бирикмеси санарип карталары жана GPS жабдыктары менен камсыздалды.