Жаңылыктар
Памирлик кыргыздарга ким жардам берет?
Кыргызстан жаңылыктары
Памирлик кыргыздарга ким жардам берет?

Памирлик кыргыздарга гуманитардык жардам берүү үчүн  өкмөт тарабынан атайын каржы бөлүнгөн. Ал эми ыктыярчылар  ушул жылдын жаз айында эле  керектелүүчү кийим кечек, буюмдарды чогултуп,экспедицияга камдап коюушкан. Бирок памирлик  кыргыздарга  гуманитардык жардам  качан жөнөтүүлөрү азырынча белгисиз. 

Памирде бир жарым миңге жетпеген кыргыз жашайт. Аларга жардам берүү максатында Кыргыз өкмөтү жана ыктыярчылардан түзүлгөн топ жыл сайын экспедицияга даярданышып керектелүүчү азык-түлүк кийим кечелерди, дары дармектерди даярдашат. Бирок былтыр Ооганстанга кетчү жол жабык болгондуктан гуманитардык жардам кетпей калган. Быйыл дагы ушул кырдаал түзүлүп калат го деп чочулап жатабыз дейт ыктыярчылардан түзүлгөн “Элден элге”  фондунун мүчөсү Элвира Акимова.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118