Японияда биринчи жолу жаңы төрөлгөн балага энесинен коронавирус жуккандыгы болжолдонууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Япониянын балдар дарыгерлеринин бирикмесинин изилдөөсүнө ылайык, ымыркай жарыкка келери менен ПЧР-тест аркылуу вирус аныкталган. Азырынча баланын ден соолугунда өзгөрүүлөр жок.
Изилдөөнүн жүрүшүндө Япониянын 1 124 медициналык жайынан маалыматтар чогултулган. Ага ылайык, 2020-жылдын август айынын этегинде коронавирус жуктурган 52 аял төрөгөн. Наристелердин арасынан бир гана баланын ПЧР-тестинин жыйынтыгы оң натыйжа берген.
Ушундай эле учурлар айрым мамлекеттерде да байкалган. Бирок ымыркайларда кооптуу белгилер болгон эмес. Анткен менен кош бойлуу аялдар коопсуздук чараларын көрүшү керектиги эскертилген.